11-жаштагы Бермет өзү теңдүүлөргө англис тилинен сабак берет. Анын 20 окуучусу бар
RU

11-жаштагы Бермет өзү теңдүүлөргө англис тилинен сабак берет. Анын 20 окуучусу бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бермет болгону 11-жашта, бирок ошого карабастан ал 20 окуучуга англис тилинен сабак берет. Кичинекей мугалим Kaktus.media'га өзү тууралуу айтып берди.

Бермет Кочкунова Бишкектеги № 69чу мектептин 5-классында окуйт. Жалаң бешке окуган Бермет тилдерди үйрөнүүгө өзгөчө кызыгат. Апасы Кундуз Жузубекованын колдоосу менен башка окуучуларга англис тилинен сабак өтө баштаган.

"Берметтин сабактары Whatsapp аркылуу өтүп жатты, экинчи кызыбыз түрк лицейинде окуйт, алардын сабактары Zoom менен өтчү. Бермет алардын сабактарын ар дайым кызыгып карачу. Бир жолу Берметтин кытай тили сабагы да Zoom менен өттү. Ошол күнү ал аябай даярданып, ошол эле учурда толкунданып жатты. Анын акыбалы мага да өттү. Ошондон тартып, кызыма кантип жардам берсем болот, деп ойлондум. Жумуштан кесиптештериме балдарыбызга talking club уюштуруп берели деп сунуштадым. Алар менин демилгемди колдошту. Атайын программаны таап, Бермет экөөбүз бүт изилдеп чыктык. Чынында, Zoom'ду түшүнүүгө кызым жардам берди", - деп апасы айтып берди.

Берметтин айтымында ал сабак өтө турганына аябай кубанган.

"Башында мага сабак өтүшөт экен деп сүйүнгөм. Сен аларга өтөсүң, дегенде андан да сүйүндүм. Ошентип сабак өтүп баштадым. Апамдар башка балдарга жардам берсең өзүңө эле жакшы, тилди мыкты өздөштүрүп аласың, деп айтышты. Башында аябай толкунданып, балдарга кантип түшүндүрөм, деп ойлонуп, тилимди жатыктырып жаттым", - деди Бермет.

Ал 2-3 ай мурун сабак өтө баштаган, азыркы тапта 20 окуучусу бар, алардын ичинен эң кичүүсү 5 жашта болсо, улуусу 12де. Бермет аларга грамматиканы түшундүрүп, жаңы сөздөрдү үйрөтөт. Кийинчерээк балдардын ата-энелери бир аздан акча которо башташкан. Бирок, ал канча акча тапканына кызыкпайт.

"Мен акча жөнүндө ойлогон да эмесмин. Кээ бир ата-энелер ыраазычылык билдирип, анан карточкага акча салып коюшат. Кээ бирлери акча беришпейт, мен аларды бергиле деп да кыйнабайм. Чогулган акчага өзүмө керектүү нерселерди алам, окуу куралдарын же жаңы программаларды сатып алам", - дейт Бермет.

Бир айда бир жолу аларда talking club өткөрүлөт. Берметтин апасы англис тилинде сүйлөгөн адамдарды чакырууга аракет кылат. Ошону менен балдар тилин жатыктырып алышат.

Үйдөн Бермет сиңдиси менен инисине да сабак өтөт. Анын айтымында бир туугандары менен сабактары аябай шайыр өтөт.

"Алар оюнкараак болгондуктан ойноп кетишет. Аларды урушпай түшүндүргөнгө аракет кылам. Башка балдарга сабак өткөндө ойнобойбуз, жөн гана сабак өтөм", - деп бөлүштү.

Берметтин бош убактысы аз. Түшкө чейин мектепте, үйгө келээри менен сабактарын окуйт, сиңдилери менен инисин каралашат, ал эми 20:00до онлайн сабактары башталат. Дем алыш күндөрү эс алат.

Ат-энеси ашыкча күч келип кетпесин деп дыкат көзөмөлдөп турушат. Анткени 11 жаштагы кыз дале бала, анын ойногонго, теңтуштары менен баарлашууга, башка хоббиси менен алектенүүгө да убактысы болууга тийиш.

"Жолдошум кызыбыз кыйналып калат деп кабаатырланып жүрдү. Бермет менен сүйлөшсөк, биринчи кезекте өзү сабак өтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анткени сабак өтүу бул күнүмдүк практика. Башка балдарга да жагып жатат, ушинтип сабак окуган кыйла кызыктуураак экен, деп айтышат", - деп Кундуз айым айтып берди.

Бермет келечекте ким боло турганын али чече элек. Бирок сөзсүз башка өлкөлөргө саякаттап, чет өлкөлүк окуу жайларда билим алгысы келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/903