Бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова экинчи наристесин күтүп жатканын айтты
RU

Бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова экинчи наристесин күтүп жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ынтымак" паркында ырдап, эртеси интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова учурда кош бойлуу экенин, экинчи наристесин күтүп жатканын SUPER TVга берген маегинде айтты.

Бегимай айым наристени көптөн бери күтүп жатышканын билдирет.

"Менде талгак бар, буюрса андан азыр өтүп калдым. Чыгармачылык жактан мага тыныгуу керек. Эсептесек 6 ай болот экен",- деди ал.

Бегимай Турусбекова ырдаганда ичке абдан күч келерин, мындан улам тойлордо ырдоону токтотконун кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9072