Араванда 25 жаштагы жаран жергиликтүү тургунду сабап, акча талап кылганга шектелүүдө
RU

Араванда 25 жаштагы жаран жергиликтүү тургунду сабап, акча талап кылганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жарандан 30 миң сом опузалап талап кылганга шектелип кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, 25 жаштагы жаран октябрь айынын башында эки шериги менен Араван районунун тургунун талаага алып барып сабап, 30 миң сом акча талап кылган.

Бул факты боюнча 208-берене (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Анын негизинде кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чаралары башталган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүлөрдүн бирин кармашты. Ал Ош облусунун тургуну, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 25 жаштагы А.А. экени такталды.

Шектүү Кара-Суу районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешелүү болгон башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9079