Бишкекте шаардык кеңештин депутатынын 15 жаштагы кызы жол кырсыгына кабылды
RU

Бишкекте шаардык кеңештин депутатынын 15 жаштагы кызы жол кырсыгына кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңештин депутатынын 15 жаштагы кызы жол кырсыгына кабылды. Окуя Бишкектин Шүкүров көчөсүндө 29-октябрда катталган. Күбөлөр ак түстөгү жол тандабас жогорку ылдамдыкта бара жатып жолдун четиндеги унааны сүзүп кеткенин айтышкан.

Аталган көчөнүн тургундары жол тандабасты шаардык кеңештин депутаты Шаршенбай уулу Русландын кызы башкарып бара жатканын айтышкан.

Депутат Шаршенбай уулу Руслан ("Эмгек" фракциясы) Kaktus.media сайтына окуяны тастыктады.

"Биз үйдө эмес болчубуз, кызым унааны уруксатсыз айдап чыгыптыр. Биз зыян тарткан унаанын ээси менен ошол эле күнү чечишкенбиз. Кызым дагы жазага тартылды", - деди ал.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү 17 жаштан баштап алса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9087