Баш байге 100 миң сом жана статуэтка. Улан Эгизбаевдин атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды
RU

Баш байге 100 миң сом жана статуэтка. Улан Эгизбаевдин атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналисттик иликтөөлөр фонду жана Кыргызстандагы Интерньюс уюму Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылчу сыйлыкка 2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Сынактын максаты – медиа кызматкерлердин иликтөөчү журналистикага, ошондой эле коррупциялык схемаларды жана мыйзам бузууларды ачыкка чыгарып, аларга бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерге кызыгуусун арттыруу.

Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынат.

Кабыл алынган иштерди баалоодогу негизги талаптар:

  • журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана теманын масштабы;
  • автордук ыкма жана стили;
  • форматтардын жана визуалдаштыруулардын өзгөчөлүгү, ар түрдүүлүгү (мултимедиалуулугу)
  • теманы толук ачып берүүсү;
  • иликтөөнүн далилдүүлүгү;
  • алынган маалыматтын эксклюзивдүүлүгү;
  • иликтөөчү журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттарын кармануусу.

Сынактын жыйынтыгында 2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсүнүн автору же авторлор тобу 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болуп, атайын статуэтка жана диплом менен сыйланмакчы.

Сынакка катышуу тартиби

Сынакка арыз кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынып, анда:

  • арыз берүүчүнүн аты-жөнү;
  • сыйлыкка талапкердин (талапкерлердин) аты-жөнү;
  • уюмдун толук аталышы;
  • сынакка берилип жаткан материалдын кыскача аннотациясы жана материалга шилтемеси болушу зарыл.

– Сынакка катышуу үчүн бул шилтеме https://forms.gle/aVJA4styK8HwcuGw7 аркылуу арызды толтуруп, 2023-жылдын 5-январына чейин жөнөтүү керек. (5-январь акыркы күн)

Фонддон билдиришкендей, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген арыздар каралбайт.

Сынакка 2022-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарык көргөн материалдар кабыл алынат.

Бир талапкер сынакка бир нече материал көрсөтө алат. Анда берилген ар бир материалга өзүнчө арыз толтурулушу зарыл. Жарык көрбөгөн материал сынакка кабыл алынбайт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзү макул көргөн иликтөөлөнү, эгер ал иликтөө жогорку профессионалдык деңгээлде жүргүзүлгөн деп ойлосо сыйлыкка көрсөтө алат.

Кошумчалай кетсек, мыкты журналисттик иликтөө үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы бешинчи мааракелик сыйлыкты тапшыруу аземи 2023-жылдын 12-февралында 3-чү "Чындык" иликтөөчү журналистика форумунун алкагында өтмөкчү.

Бул иш-чара Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн TRACK долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. "Журналисттик иликтөөлөр фонду" форумдун өнөктөшү.

"Чындык" форуму – бул журналисттик иликтөөнүн өнүгүүсүнө арналган иш-чара. Форумдун программасында панелдик талкуулар, тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттердин, алардын ичинде чет элдик кесиптештердин лекциялары жана воркшоптору сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9097