Жер тилкеси үчүн 6200 АКШ долларын берип алданып калган. Шектүү адам камакка алынды
RU

Жер тилкеси үчүн 6200 АКШ долларын берип алданып калган. Шектүү адам камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунда алдамчылык менен алектенген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Аламүдүн РИИБнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Лебединовка айылында жайгашкан турак үйдү куруу үчүн жер тилкесин сатуу шылтоосу менен 2019-жылдын башында ишенимге кирип, чала тааныш адамга накталай 6200 АКШ долларын жана 86 500 сом акчасын алып, же жер тилкесин же акчаны бербей, белгисиз тарапка качып жүргөнүн маалымдаган.

Бул факт Аламүдүн районунун КЖБРинде катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 29 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалган. Ал азыр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/90