Депутат Спорт министрлигин түзүүнү сунуштап, президент колдоо көрсөтөрүнө ишенерин айтты
RU

Депутат Спорт министрлигин түзүүнү сунуштап, президент колдоо көрсөтөрүнө ишенерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өлкөнүн өнүгүүсүнө, Кыргызстандын беделин эл аралык аренада бекемдөөдө спорттун маанилүүлүгүн коом баалабай жатат. Жылдан-жылга эл аралык беделдүү мелдештерде көптөгөн кыргыз спортчулары байгелүү орундарды ээлеп жатканын баса белгиледи депутат.

"Спорт - аренадагы эле беттеш деп көбү жаңылыш ойлошот. Бирок андай эмес. Спорт биринчи кезекте саламаттык жана тартип", - деди ал.

Атазовдун айтымында, буга чейин бир топ депутаттар спорт тармагын Маданият министрлигинен бөлүү керектигин белгилешкен. Ошондой эле тиешелүү токтом да даярдалган.

"Ал токтом президентте. Кудай буюрса, өлкө башчы кол коёт, анткени ал спортту жакшы көрөт. Бирок ошол эле учурда министрлер кабинети тарабынан тоскоолдуктар болбой койбойт. Спорт жаатындагы маселелер - аз маяна, күчтүү машыктыруучулардын жетишсиздиги, шарттардын жоктугу жана башка. Мунун барын Спорт министрлиги чечиши керек. Бирок министрлер кабинети бул маселени кароону регламентке шылтоо менен улам жылдырып жатат", - дейт.

Ал Садыр Жапаров Каныбек Иманалиев жана өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучулары менен жыйын өткөрүүсү керектигини кошумчалады. Ошондой эле бир нече жылдан бери спорт тармагына жардам көрсөтүп, миллиондогон акчаларды бөлүп жаткан парламенттеги кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9117