Парламентте "Таблиги жамаат" жана "Йакын Инкар" ислам уюмдары тууралуу талкуу жаралды
RU

Парламентте "Таблиги жамаат" жана "Йакын Инкар" ислам уюмдары тууралуу талкуу жаралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин отурумунда "Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Анын жүрүшүндө айрым депутаттар исламдагы экстремисттик агымдардын өкүлдөрүн кармабоону айтып чыгышты.

Алсак, эл өкүлү Өмүрбек Бакиров "Таблиги жамаат" экстремисттик кыймылы тууралуу сөз башталганда кесиптештерин этияттап сүйлөөгө чакырды. Анын пикиринде, мамлекет жасабаган нерселерди аталган уюм жасап жатат.

"Жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу, намаз окуу, ата-энесин сыйлоо, арактан, жаман жолдон кайтарып жатат", - деди ал.

Депутат баяндама жасап жаткан ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиевге кайрылып, "Таблиги жамаатка" бир сөз сүйлөөдөн мурда ошолордун ишмердүүлүгүн өзүңөр карап чыккансыңар да" деди.

"Бул уюмдун мамлекетке эч кандай зыяны жок, тескерисинче пайдалуу. Көчөдө калгандарга жардам беришүүдө. Ошондуктан мен этият болууга чакырам кесиптештеримди. Кыргызстандын 90%ы ислам динин тутуп, намаз окуйт. Ошолордун нааразычылыктарын жаратпай, бул жерде этияттап сүйлөйлү", - деди ал.

Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев болсо ИИМдин өкүлүнөн "Йакын инкар" уюмун экстремисттик агымдардын тизмесинен чыгарууну өтүндү.

"Мага көп кайрылуулар келди. Биз жөн эле отурсак, алып келип коюшту деп жатышат. Кеп чачтары, үстүндөгү кийимдери тууралуу. Ушуларды кайра карап чыкса болобу?", - деди Нурбаев.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, алардын кийип жүргөн кийимдери Кыргызстандын үп-адаттырына, салтына туура келбейт деди.

"Биз дааватка чыккандар кыргыздын эле кийимдерин кийип барып түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн, кээ бир үйлөргө барып элдин тынчын алып, кайра-кайра кире бербесин деген мааниде муфтият менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Негизинен алардын аракеттери, ойлогон ойлору жакшы эле", - деди министрдин орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9144