Ошто уулдуу болгон ата асманга ок атты. Видео
RU

Ошто уулдуу болгон ата асманга ок атты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто уулдуу болгон жаран асманга ок атты. Анын видеосу 3-ноябрда интернет желесине тарады. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ок аткан жарандар такталды. Алар Ош шаарынын 24 жаштагы А.А. жана 29 жаштагы Н.П. аттуу тургундары экени белгилүү болду. Ошондой эле KRAL ARMS XPS W TAKTIKAL үлгүсүндөгү бир даана ок атуучу курал жана тапанча (2 огу менен) далил буюм катары алынды.

Териштирүүнүн жүрүшүндө ок аткандардын бири уулдуу болгондугуна байланыштуу мындай жорук жасашканын айтышты.

Бул окуя Ош шаарында болгондуктан топтолгон материал тиешелүү аймактагы башкармалыкка өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9157