Камактагы журналист Сатыбалдиева бойдон түшүү коркунучу менен ооруканага жаткырылды
RU

Камактагы журналист Сатыбалдиева бойдон түшүү коркунучу менен ооруканага жаткырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоочулар тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген журналист Санрабия Сатыбалдиева "боюнан түшүп калуу коркунучу бар" деген диагноз менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Facebook баракчасына билдирүү калтырды.

"Социалдык тармактарда ИИМге шилтеме жасап, Санрабия журналисттик материал үчүн акча талап кылганын мойнуна алганын жазышууда. Бирок, андай эмес. Анткени экинчи жактоочу экөөбүз Сатыбалдиева менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Ал эч кандай күнөөсүн мойнуна албаганын айтты",-деди Жоошев.

Белгилесек, журналист Сатыбалдиева опузалап акча талап кылганга шектелип, 48 саатка камакка алынган. Кийинчерээк ал эч кимден акча опузалабаганын жана бул ишке депутат Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9160