Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кармалгандар. Акыйкатчы президентке кайрылды
2771
Өлкөнүн акыйкатчысы президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана депутаттарынв, башкы прокурорго Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кармалган жарандардын укуктарынын сакталышы боюнча өткөрүлгөн мониторингтин жыйынтыктарын жиберди. Ошондой эле бир катар суранычтарды келтирди.
- Сөз, ой эркиндигин, саясий плюрализмди мамлекетте бардык адамдарга кайсы бир позициясына карабай ишке ашуусуна шарт түзүүнү;
- Убактылуу кармоочу жайлардагы бардык шектүүлөргө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын, Бангкок эрежелерин, Кылмыш-Жаза процессуалдык кодексинин талаптары менен кепилдиктеринин так сакталышы менен бөгөт коюу чараларын кайра каралып чыгышын;
- Күнөөсүздүк презумпциясын, сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарынын ачыкка чыгарылышы ким тараптан болгондугу аныкталып, жоопкерчиликке тартылышын;
- Тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун иштин жыйынтыгына алдын ала ынанымдын же жеке кызыкчылыктардын таасиринде болбоого, каралып жаткан конкреттүү кылмыш ишине карата бир тараптуу болбоого же
- бир тараптын кызыкчылыктары үчүн экинчи тарапка зыян келтирүүчү негизсиз аракеттерди көрбөөгө кепилдик кылган шарттарды камсыз кылууну;
- Баяндамада көрсөтүлгөн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тараптан адам укуктарынын бузулушуна укуктук баа берүү менен жоопкерчиликке тартууну.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9170