Нарында түндө унаа сүзүп кеткен 56 жаштагы адам каза тапты
RU

Нарында түндө унаа сүзүп кеткен 56 жаштагы адам каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Кочкор айылында 56 жаштагы адамды унаа сүзүп, ал каза болду. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочу кармалганын кабарлашты.

Белгилүү болгондой, окуя 6-ноябрга караган түнү саат 01:20 чамасында Кочкор айылындагы "Айыл-Банк" имаратынын алдында катталган. Анда 1966-жылы туулган С.Ш. аттуу жаранды унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен С.Ш. алган жаракатынан улам каза болгон.

Изи сууй электе облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан айдоочу кармалды. Ал Кочкор районунун 1981-жылы туулган А.А. аттуу тургуну экени аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Ауди-С4 үлгүсүндөгү унаасы атайын айып короого токтотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9185