Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Оор жүк ташуучу унаалардын каттамы чектелди
RU

Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Оор жүк ташуучу унаалардын каттамы чектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-ноябрга чейин күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачын жана тоолу аймактарда кар жаап жаткандыктан, жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертет.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинен жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөөлөр киргизилгенин, Сосновкадагы посттон оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөй жатканын кабарлашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9187