"Кут билим" мектебиндеги массалык уулануу үчүн директорго 23 миң сом айып-пул салынды
RU

"Кут билим" мектебиндеги массалык уулануу үчүн директорго 23 миң сом айып-пул салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Байтик айылындагы "Кут билим" окутуу комлексинде бир катар санитардык эрежелерди бузуу аныкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги нин басма-сөз кызматы билдирди

Эрежелердин сакталбагандыгы тууралуу протоколдор түзүлүп, акча төлөтүү чарасы чыгарылган:

  • мектеп жетекчисинен - 23 миң сом;
  • завхоз, азык-түлүктү алып келүүчүдөн - 7 500 сом;
  • медкызматкерден - 7 000 сом;
  • шеф-повардан - 7 500 сом.

Санитардык-агартуу иштер жүргүзүлүп, лабараториялык изилдөө үчүн азык-түлүк продуктуларынан үлгүлөр алынды. Анализдин жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет, деп билдирүүдө жазылган.

Эске салсак, 8-декабрда, Шаардык-клиникалык балдар ооруканасына "азык-түлүктөн уулануу" диагнозу менен 24 бала жана бир чоң киши кайрылышкан.

Бүгүнкү күндө бардык бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын абалы канаттандыраарлык болгондуктан үйгө чыгарылып, амбулатордук дарылануу жазылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/91