9-кабаттан боюн таштаганга аракет кылган бишкектик тургун куткарылды. Видео
RU

9-кабаттан боюн таштаганга аракет кылган бишкектик тургун куткарылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган 32 жаштагы жаран куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын абалы канааттандырарлык.

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатынан 1990-жылы туулган Д.Х атту эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле учурда ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, анын өмүрүн сактап калышты.

Такталган маалыматка ылайык, жаран эч кандай жаракат алган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9215