24 жыл бою документи жок жүргөн кыргыз жигитине Камчыбек Ташиев паспортторду тапшырды
RU

24 жыл бою документи жок жүргөн кыргыз жигитине Камчыбек Ташиев паспортторду тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24 жылдан бери паспорту жок жүргөн кыргыз жигитине документтерди тапшырды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Санжарбек Кадыров буга чейин социалдык баракчасы аркылуу президентке кайрылып, Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн келтирген.

Маалым болгондой, Санжарбек Кадыров 1995-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Ата-энеси 1998-жылы ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Санжарбек документинин жоктугунан коңшу өлкөнүн мектептеринде билим ала албай, айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн.

2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы атасы коронавирустан каза болгон.

Бүгүн, 10-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө мажбур болгон Санжарбек Кадыровду кабыл алды. Ага Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору (ID-карта жана эл аралык паспорт) тапшырылды.

Санжарбек Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган. Бирок Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринен Кыргыз Республикасынын паспортун берүү үчүн негиз болуп саналган ата-энесинин жана баштапкы документтеринин жоктугунан майнап чыккан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9225