Чүйдө өрт чыккан гараждан 52 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
2659
Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында гараждан өрт чыгып, бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт бүгүн, 11-ноябрда чыкты.
Жерине саат 06:48де 1 бөлүм, андан кийин дагы 1 бөлүм тартылып, өрт саат 08:06да толук өчүрүлдү. Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен 1970-жылы туулган Н.В. аттуу киши каза болду.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9233