Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчы менен орун басары акча алып жатканда кармалышты
RU

Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчы менен орун басары акча алып жатканда кармалышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары мыйзамсыз иш-аракет жасаган делинип кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, кызмат адамдары жасалма токтомдорду колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелүүдө.

Бул кылмышта схема түзүүгө жана ишке ашырууга Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М`нын жана анын орун басары Б.А`нын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Алар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарып, жасалма документтерди берип, акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышты.

Бул факты "Документтердин жасалмасын жасоо" беренеси менен каттоого алынып, шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9251