Кошуналары зордуктаган кишинин окуясы боюнча иш жабылды
RU

Кошуналары зордуктаган кишинин окуясы боюнча иш жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media`га буга чейин Рустам Жетибаев (аты-жөнү өзгөртүлгөн) кайрылып, 4 кошунасы зордуктаганын айткан. Ал күч органдары "кылмышкерлерге жардам беришкен" деген. Ошондой эле милиция кызматкерлери зордуктоонун курмандыгын психикалык жактан соо эмес адам катары көрсөтүүгө аракет кылышканын билдирген. Анын кайрылуусу маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин материалдар Нарын прокуратурасы тарабынан суралган.

Бул окуя боюнча козголгон иш кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганын Башкы прокуратурадан Kaktus.media`га билдиришти.

"Комиссиялык экспертизанын эксперттеринин корутундусу жасалма болгон. Тагыраагы, алар комиссиялык экспертиза жүргүзүп, өз корутундусунда киши зордукталганын тастыкташкан. Буга байланыштуу алар кылмыш жообуна тартылган. Калган экспертизалардын барында зордуктоо фактылары аныкталган эмес. Эксперттерге карата иш сотко жөнөтүлдү. Жабырлануучумун деген адамдын арызы боюнча иш жабылды", - дешти Башкы прокуратурадан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9269