Ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад облустук филармонияга жетекчи болду
RU

Ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад облустук филармонияга жетекчи болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Эмилбек Балтагулов Жала-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.

Жаңы директорду Жалал-Абад облустук филармониянын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев тааныштырды.

  • Эмилбек Балтагулов 2004-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу болгон.
  • 2010-2011-жылдары Чаткал районунун Терек-Сай айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси болуп иштеген.
  • Облустук филармонияга келгенге чейин Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп иштеп келген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9275