Бишкекте 3 жашар бала ооруканага түшүп, бир нече сааттан кийин чарчап калды
2567
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 3 жашар бала жеткирилип, бир нече сааттан кийин чарчап калды. Маалыматты Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан ырасташты.
Такталгандай, 13-ноябрда саат 09:00 чамасында 2019-жылы туулган А.А. аттуу бала №3 балдар ооруканасына түшкөн. Түштөн кийин ал "Тез жардам" кызматы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулуп, кечке маал чарчап калган.
Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Корутундуга ылайык чечим кабыл алынат дешет шаардык милициядан.
Айрым маалыматтарга караганда, баланын ата-энеси бул окуяга дарыгерлерди айыпташууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9283