Менталитетке туура келбейт. Зомбулук көбөйдү. TikTok`ту жабууну сунуштаган депутаттар
RU

Менталитетке туура келбейт. Зомбулук көбөйдү. TikTok`ту жабууну сунуштаган депутаттар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Кыргызстанда TikTok`ту жабууну сунуштады. Ал Жогорку Кеңештин жыйынында аталган социалдык тармак балдарга терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

"Анда жарым жылаңач денени, баңгизатты, спирт ичимдиктерин, зордук-зомбулукту көрсөтүшөт. Биздин менталитетибизге көп туура келбейт. Келечек муун бузулуп баратат. Жаба албаса, күрөшүү керек", - деп, Маданият министрлиги көзөмөл кылып жатканына кызыкты.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жакын арада мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларды аткарарын айтты. Ал кошумчалагандай, ата-энелер да балдарын социалдык тармактардын терс таасиринен коргоо үчүн көзөмөлгө алышы керек.

Буга чейин депутат Надира Нарматова да TikTok`ту жабууну сунушутаган. Ал социалдык тармактын кесепетинен өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктар көбөйгөнүн айткан.

"Менимче, TikTok социалдык тармагынын айынан зордук-зомбулук болуп жатат. Анткени алар кыска видеолорду көрүп жатышат. Бул социалдык тармак Кыргызстандын жаштарына терс таасир тийгизүү үчүн түзүлгөн", - деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9304