Камчыбек Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы бизде калды
RU

Камчыбек Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы бизде калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орто-Токой суу сактагычынын жери, суусу, дамбасы Кыргызстандын карамагына өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал депутаттарга суу сактагыч боюнча сүйлөшүүлөр кандай жүргөнүн айтып берди.

"Сүйлөшүү өтө оор болду. Алар эч кандай жер бейбиз, сууну пайдалана беребиз дешти. Ошондо мен, Орто-Токой суу сактагычынын астындагы биздин жерге компенсация бербесеңер, сууну агызабыз дедим.

Биздин адистер сууну бир айда агызып койсо болорун айтты. Анан алар бизге суу керек деп, компенсация катары сууну, жерди жана суу сактагычка тиешелүү нерселердин бардыгын беришти", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9308