Тоок этин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран 1 айга жакын убакыттан кийин кармалды
RU

Тоок этин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран 1 айга жакын убакыттан кийин кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде тоок этин аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран УКМК тарабынан кармалды.

Улуттук коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, октябрь айында Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде аткезчилик жүктөрдү ташып өтүүгө аракет кылган 1989-жылы туулган Х.Ж.Б. аттуу жаран токтотулган. Ал УКМКнын кызматкерлеринин талабына баш ийбей, "Худжент-Арка" унаа жолуна чыгып, андан соң контрабандалык жүктү сатуу максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстанды көздөй бет алган.

Бул факты боюнча 378-берене менен кылмыш иши козголгон. 15-ноябрда Ж.Х. эки суткага Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9333