Бишкек шаардык кеңешиндеги орундар үчүн 25 партия ат салышат. "Ыйман Нуру" акыры катталды
RU

Бишкек шаардык кеңешиндеги орундар үчүн 25 партия ат салышат. "Ыйман Нуру" акыры катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 11-мартта Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, шаардык кеңештеги орундар үчүн кайсы партиялар ат салыша тургандыгы боюнча акыркы чечим кабыл алынды.

БАШКнын жетекчиси Кайрат Маматовдун Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, документтердин бардыгы текшерилгенден кийин 27 партиянын ичинен 24 партия каттоого алынды. "Жаштардын прогрессивдүү партиясы" жана "Элдик" партиялар документтерин чакыртып, шайлоого катышуудан баш тартышкан. Ал эми үчүнчү "Ыйман Нуру" партиясынын тизмесинде маселелер жаралды. Депутаттыка талапкерлигин койгон эки жаран жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү эмес, болуп чыгышты. Башкача айтканда алардын шаардык "пропискасы" жок", - деп Маматов белгиледи.

Кийин ал "Ыйман Нуру" катталганын жарыялаган. Бардыгы болуп шайлоого 25 партиядан 1820 талапкер катышат. Бишкектин шаардык кеңешинде 45 орун бар.

Учурда бардык маселелер каралып жатат.

Ошону менен шайлоонун алдын ала тизмеси төмөнкүдөй:

  • "Свобода выбора".
  • ЭДПК.
  • "Реформа".
  • "Эмгек".
  • "Улутман".
  • "Патриот".
  • "Биздин Эл".
  • "Ак бата".
  • "Кыргызстандын социалисттик партиясы".
  • "Бүтүн Кыргызстан".
  • "Замандаш".
  • "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы".
  • "Бийлик элге" партиясы.
  • "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясы".
  • "Ата-Журт Кыргызстан".
  • Жашылдар партиясы.
  • "Ынтымак".
  • "Улуу Журт".
  • "Кыргызстан".
  • "Ишеним".
  • "Айкөл Кыргызстан".
  • "Тынчтык".
  • "Республика".
  • "Социал-демократтар".

Шайлоо 11-апрелде өтөт. Агитация жүргүзүүнүн мөөнөтү бүгүн, 12-мартта башталып, 10-апрелде эртең менен саат 8де бүтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/933