Ноокатта 2 миң адамды иш менен камсыз кыла турган жер семирткич заводу курулат
RU

Ноокатта 2 миң адамды иш менен камсыз кыла турган жер семирткич заводу курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат районуна жер семирткич өндүрүүчү завод курулат. Ноокат райондук администрациясынан билдиришкендей, заводду Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 100 гектар жерге кытай инвесторлору менен биргеликте куруу боюнча долбоор иштелип жатат.

Долбоордун жалпы наркы 200 миллион доллар. Долбоордун алкагында жылына 1 млн тонна, күнүнө 200 тонна жер семирткичти өндүрүү кубаттуулугу бар. Заводдо 2 миңге чукул жаран жумуш орун менен камсыз болот.

Жумуштар заманбап шарттарга ылайыктуу жүргүзүлөт. Тажырыйба алуу үчүн жергиликтүү адистер Кытайга барып таанышуу иштеринен жана окуулардан өтүшөт. Учурда жерди трансформациялоо иштери жүрүүдө.

Негизи максат - элди сапаттуу жер семирткичтер менен арзан баада камсыздоо. Ноокат районунун айыл чарбасын өнүктүрүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9343