Кыз ала качканга шектелип 24 жана 20 жаштагы жигиттер кармалды
RU

Кыз ала качканга шектелип 24 жана 20 жаштагы жигиттер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кыз ала качканга шектелген жигиттер кармалды. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, милицияга жабырлануучу өзү кайрылган.

Шаар тургуну С.Д. милиция кызматкерлерине кайрылып, жакын тааныш болбогон С. жана Ж. аттуу жигиттерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган жигиттер 20-ноябрда саат 15:00 чамасында аны Арча-Бешик конушунан үй-бүлө куруу максатында ала качканын айткан. Кыздын айтымында, аны Токмок шаарына ала качкан.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында 24 жана 20 жаштагы жигиттер шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9361