15теги кыз 40тагы эркектен төрөдү. Прокуратура "кылмыш" ишин жоготуп алды
RU

15теги кыз 40тагы эркектен төрөдү. Прокуратура "кылмыш" ишин жоготуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда 15 жаштагы өспүрүм көз жарды. Баланын биологиялык атасы 40тагы киши. Кыздын апасы милицияга кайрылып, анын атына арыз жазган. Бирок азыр ал арыз кайда экени белгисиз. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структурасынан билдирдишти.

Алардын айтымында, 2020-жылдын декабрь айында арызы менен жергиликтүү жашоочу кайрылган. Анда, 40 жаштагы киши жашы жете элек, ошол кезде 14 жаштагы кызы менен интимдик катнашта болуп, боюна бүтүп калган деп жазылган.

Бул факт боюнча КРдин Жазык кодексинин "16 жашка чыга элек жак менен сексуалдык мүнөздөгү иш араккеттерди кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө органдарында баланын биологиялык атасы дал ошол киши экенин тастыктоочу бардык далилдер бар болчу. Ошого карабастан Чүй облусунун прокуратурасы иштин материалдарын милициядан талап кылып, алдыртып алган. Учурда жабырлануучулар алардын арызы кайда экенин билишпейт. Беш айдан бери телефон чалууларына эч ким жооп бербей жатат.

Көз жарган өспүрүм кыз уулду болду, ал баласы менен ата-энесинин колунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/937