Бишкекте бутак түшүп, колу, жаңы алган телевизору сынган жаранга жардам көрсөтүлдү
RU

Бишкекте бутак түшүп, колу, жаңы алган телевизору сынган жаранга жардам көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте үстүнө бутак түшүп, колунан жаракат алып, жаңы алган сыналгысы сынган жарандан "Бишкек жашыл чарба" ишканасы кечирим сурады. Ошондой эле дарыланууга каражат берип, жаңы телевизор сатып беришти.

Аталган муниципалдык ишканадан билдиришкендей, шаар тургунуна кургаган бутак түшкөн.

"Жабыркаган жаранга муниципалдык ишкана тарабынан компенсация төлөнөт. Окуя болгондон кийин кызматкерлер жабырлануучу менен дароо жолугушуп кечирим сурашты", - дешет.

Ал эми жабыркаган жаран "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери менен эки жолу жолугушканын айтты.

"Алар мага жаңы телевизор сатып беришти. Дарылануума акча беришти. Дооматым жок. Менин бир гана өтүнүчүм - мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн бардык аракеттерди көрсүн", - деди ал Kaktus.media`га.

Белгилей кетсек, 23-ноябрда Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде шаар тургунуна чоң бутак түшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9395