Кыргызстандын 6-президенти 54 жашка толду. Путин, Эрдоган баштаган лидерлердин куттуктоосу
RU

Кыргызстандын 6-президенти 54 жашка толду. Путин, Эрдоган баштаган лидерлердин куттуктоосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров 54 жашка толду. Өлкө башчыга чет элдик лидерлер куттуктоолорун жолдошуп, мактоо сөздөрүн айтышты.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин куттуктоосу:

"Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу:

"Заманбап Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү ийгиликтери, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшү сиздин мекенге болгон ак ниет кызматыңыздын, мамлекет башчы катары алысты көрө билген конструктивдүү саясатыңыздын натыйжасы. Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу мындан ары да кыргыз элинин туруктуу өсүшүнүн, бакубаттуулугунун жана гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги болуп кызмат кыла берерине ишенем.

Мен биздин достугубузду жана биздин мамлекеттер менен элдерибиздин ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон сиздин жеке салымыңызды жогору баалайм. Сизге Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу:

"Сизге туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду жөнөтүү мага чоң кубаныч тартуулайт. Өлкөнү өнүктүрүү жана элдин бакубаттуулугу, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу жолундагы ишмердигиңиз өзгөчө баалоого татыктуу. Биздин өлкөлөр ортосундагы көп кылымдык достуктун жана бир туугандыктын духундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана ар тараптуу байланыштарды акыркы жылдарда сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүдө сиздин жеке салымыңызды өзгөчө белгилегим келет.

Эбегейсиз практикалык аракеттериңиздин жана бекем позицияңыздын аркасы менен сиздин президент болуп турган мезгилде турмуштук маанилүү чек ара маселелеринин чечилиши күчтүү саясий эркиңизди дагы бир жолу ачык көрсөттү.

Сиздин жетекчилигиңиз астында Камбар-Ата ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол линиясын куруу сыяктуу ири регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу да ийгиликтүү башталганы бизди өзгөчө кубандырат.

Дагы бир жолу ушул маанилүү күн менен чын дилимден куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоо катында.

Беларусь Республикасынын президенти Александар Лукашенконун куттуктоо катында:

"Туулган күнүңүз менен чын дилден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бүгүнкү күндө сиздин жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстан динамикалуу өнүгүп, социалдык-экономикалык кайра куруулардын жолуна түшүп, эл аралык аренада тең салмактуу позицияны ээлеп, интеграциялык бирикмелерге төрагалык кылууну ийгиликтүү ишке ашырууда.

Сизге бекем ден соолук, тынчтык, жакшылык, бардык пландарды жана милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууну каалайм",- деп айтылат.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу:

"Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелердин азыркы деңгээлин көрүп, кубанычтамын. Улам кеңейип бараткан саясий диалог, жогорку деңгээлдеги өз ара визиттер, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык биздин эки тараптуу мамилелерибизди мүнөздөгөн фундаменталдуу факторлор болуп саналат. Стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен биздин мамлекеттер аралык байланыштарыбызды өзгөчө белгилеп кетким келет.

Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм".

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоо катында:

"Сиздин даанышман жана көрөгөч жетекчилигиңиз астында Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштады. Республикада эбегейсиз зор кайра куруулар, социалдык-экономикалык өнүгүү ишке ашырылып жатат.

Учурдан пайдаланып, чын дилимден Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана бакыт, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоосунда:

"Кыргызстан менен жалпы тилге, ишенимге, тарыхка, маданиятка жана баалуулуктарга негизделген терең жана көп кырдуу мамилелерибиз стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенине кубанычтамын.

Кымбаттуу бир тууганым, сизди туулган күнүңүз менен куттуктап, бир тууган элдерибиздин ортосундагы байланыштар бекем болуп, күн санап тереңдей турган эки тараптуу мамилелерибиздин аркасы менен Түркия жана Кыргызстандын достугу кылымдар бою сакталып калуусун каалайм", - деп айтылат.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу:

"Кытай менен Кыргызстан - ынак коңшу, жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана сиз менен болгон жеке достугубузду жана жакшы иштиктүү байланышыбызды жогору баалайм жана биздин өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин илгерилетүү, жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн сиз менен биргелешкен күч-аракетти жумшоого даярмын", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9514