Ата-энесинин каршылыгына карабай 11 жаштагы кызга папиллома вирусуна каршы эмдөө жасалды
RU

Ата-энесинин каршылыгына карабай 11 жаштагы кызга папиллома вирусуна каршы эмдөө жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө 11 жаштагы кызга папиллома вирусуна каршы эмдөө жасалды. Бирок секелектин ата-энеси эмдөөдөн жазуу түрүндө баш тарткан. Бул туурасында Kaktus.media`га кыздын апасы Замира айым айтты.

"Биз 25-ноябрда эмдөөдөн жазуу түрүндө баш тартканбыз. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, адистер вакцина тууралуу айтып беришкен. Бирок биз бир нече жолу баш тартканбыз. 5-декабрда дарыгерлер Кошой айылындагы мектепке саат 09:00дө барышып эмдөө жасаптыр. Ал эми ата-энелерге болсо саат 10:00гө келгиле дешкен. Менин апам мектепке барса кызыма вакцина сайып коюшуптур", - деди ал.

Зарина айым дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кошумчалады.

"Телефондон дарыгерге биз баш тартканыбызды айтып, эмнеге эмдөө жасаганын сурадым. Мага календардык эмдөө, коркунучтуу эч нерсе жок, баары эле жасап жатат деп жооп беришти. "Башкалар эмделе берсин, мен баш тарткам. Арыз менен сотко кайрылам" десем "барып жаза бер" дешти".

Кызынын укугу бузулганын айткан эне мындай окуя коңшу айылда да катталганын белгиледи.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен Республикалык иммунопрофилактика борбору кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү жоопту берерин убада кылышты.

Эскерте кетсек, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 11-14 жаштагы кыздарды эмдөө башталган. Анын алкагында бүгүнкү күнгө карата 137 345 кыз эмдөөдөн өттү.

Папилломага каршы эмдөө жатын моюнчасынын рагына кабылуунун жана өлүмдүн алдын алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9517