Эдил Байсалов баштаган делегация Англияга эмнеге учуп кеткени белгилүү болду
RU

Эдил Байсалов баштаган делегация Англияга эмнеге учуп кеткени белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Англияга иш сапары менен жөнөп кетти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева айтты.

Депутаттын айтымында, Байсалов токтом долбоору менен тааныштырмак, бирок ал чет өлкөгө кеткенине байланыштуу бул маселени кийинкиге калтырууну сунуштады.

Ал эми Kaktus.media`га өздүк булактар Байсалов баштаган Кыргызстандын расмий делегациясы Лондон каржы биржасына алтын жеткирүү маселесин чечүү үчүн учуп кеткенин билдиришти.

Делегациянын курамы:

  • Эдиль Байсалов - министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Темирбек Эркинов - министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси;
  • Сүйүнтбек Аликеев - президенттин жана министрлер кабинетинин чечим кабыл алуу бөлүмүнүн эксперти;
  • Руслан Сүйналиев - каржы министринин биринчи орун басары;
  • Кубанычбек Бөкөнтаев - Улуттук банктын төрагасы;
  • Элдияр Калдарбеков - "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы;
  • Бактыгул Абдыжалиев - "Кыргызалтын" ишканасынын эл аралык экономикалык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • Азат Козубеков - Улуттук банктын акча-насыя операциялары боюнча башкармалыгынын жетекчиси.

Бул иш сапар 6-декабрдан 12-декабрга чейин созулат. Анда Кыргызстанда казылып алынган алтын менен күмүштү Улуу Британияга экспорттоо боюнча кызматташуу жана келишимдерге кол коюу үчүн Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясы (LBMA) менен жолугушуусу күтүлүүдө.

"Кыргызалтын" ишканасынан жетекчилиги иш сапарга кеткенин тастыктап, бирок сапардын максаты эмне экенин айтышкан жок.

Эдил Байсалов иш сапары боюнча суроого жооп берген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9526