БУУ Кыргызстандын токой, жайыттарын калыбына келтирүү үчүн дээрлик 30 млн доллар бөлөт
RU

БУУ Кыргызстандын токой, жайыттарын калыбына келтирүү үчүн дээрлик 30 млн доллар бөлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен улуттар уюмунун токой боюнча башкы уюму Кыргызстандын токой ресурстарын кайра өндүрүүгө (токойду калыбына келтирүү, токой көбөйтүү) 29,9 миллион доллар колдоо көрсөтөт. Маалыматты Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бул каражат "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашырууга жумшалат. Долбоордун аткарылышын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы аткарат.

Кыргызстандын Азия токой кызматташтыгы уюмун (AFoCO) түзүү боюнча макулдашууга кошулуусу Кореянын AFoCOнун каржылык ресурстарына мүмкүнчүлүк түзөт.

Буга чейин Кореянын токой кызматы менен сүйлөшүүлөр болгон. Ноябрдын аягында кореялык эксперттер Кыргызстанга келишип, келечекте сунушталып жаткан биргелешкен долбоорлордун болжолдуу аймактарын изилдеп чыгышкан.

"Азия токой кызматташтыгы уюмунун жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө токой чарбасы тарабынан сунушталган токой өсүмдүктөрүнүн үрөн сактоочу жайын түзүү долбоору бекитүү стадиясында турат. Жакынкы аралыкта аталган уюмдун эксперттеринин Кыргызстанга келери күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9553