Бишкектеги ыш менен күрөшүүгө 6 миллиард долларлык долбоор жактырылган. Байсалов таң калды
RU

Бишкектеги ыш менен күрөшүүгө 6 миллиард долларлык долбоор жактырылган. Байсалов таң калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде тизменин алдыңкы катарына кирди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында абанын булганышына инверсиянын начардыгы, имараттардын тыгыздыгы, турак жай курулушу жана жеке сектор таасир этерин билдирди.

Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкекте 47 калктуу конуш, 63 миң жеке менчик үйлөр бар, алар сапатсыз отун менен жылытылат.

"Ыш менен күрөшүү үчүн энергетика, күйүүчү майдын сапаты жакшы болушу керек. Транспортту газга өткөрүү зарыл. Ошондой эле альтернативдүү энергия булактарын киргизүү керек - булар жылуулук насостору, күн батареяларын орнотуу. Биз 6 миллиард доллар грант алууга арыз бергенбиз. Сунушталган долбоорлордун пакети жактырылды. Долбоорду 2023-жылдын биринчи кварталынан баштап аткара баштайбыз. Бишкектеги 500 үйгө жылуулук жоготууларын 40 пайызга кыскарта турган жаңы технологиялар орнотулат. Бул жылуулуктун чыгымын азайтууга жардам берет", - деп түшүндүрдү Кутманова.

Ошондой эле "жашыл" каттамдарды киргизүү боюнча 20 миллион долларлык долбоорго макулдук алганын кошумчалады. Мындан тышкары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги көмүрдүн сапатын көзөмөлдөп, сапатсыз күйүүчү майды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салууну көздөөдө.

Кутманова ыш менен күрөшүү үчүн 6 миллиард доллар бөлүнө турганын так айтты. Бул сумма министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду таң калтырды.

"Бул жерде же журналисттер туура эмес жазышты, же министр айым туура эмес айтып алды. Кандай болгон күндө да бул Жаратылыш ресурстар министрлигинин демилгеси. Мен толук маалымат сурадым. Бизге ким 6 миллиард долларды берерин кандай элестетип жатышат", - деп жазды Twitter баракчасына.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9579