Аравиялык шейх Боомдогу каттама жасаган апаны үй-бүлөсү менен Абу-Дабиге алып кетти
RU

Аравиялык шейх Боомдогу каттама жасаган апаны үй-бүлөсү менен Абу-Дабиге алып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аравиялык шейх Боомдо каттама жасап саткан апаны жана анын үй-бүлөсүн Абу-Дабиге алып кетти. Шейх ашпозчусуна каттама жасоону үйрөтүү үчүн Боомдогу апаны өз мекенине алып барганын блогер Адилет Ногойбаев айтып чыкты.

Блогер белгилегендей, туристтерди Кыргызстанда тейлеген жаран Ысык-Көлдүн боюндагы "Апамдын каттамасына" алып барган. Шейхтин үй-бүлө мүчөлөрүнө каттама, сүт чайдан даам сыздырган. Бул тамактар меймандарга аябай жаккан.

Шейх каттама даярдаган Лира айымга ыраазычылык иретинде Абу-Дабиге чакыруу берген. Лира айым үй-бүлөсү менен эки аптага эс алууга барып, ошол эле учурда ашпозчуга каттама даярдоонун сырларын үйрөтөрүн туристтерди тейлеген өкүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9601