Чет элдик жаранды Бишкектеги сейил бактан карактап, 40 миң долларын тартып алышкан
RU

Чет элдик жаранды Бишкектеги сейил бактан карактап, 40 миң долларын тартып алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чет элдик жаранды чаламандын чак түшүндө белгисиз адамдар карактап, 40 миң доллар акчасын алып кетишкен. Кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-декабрда милицияга Казакстандын жараны Д.Ш. кайрылган. Ал 7-декабрда ботаникалык бакчадан болжол менен саат 15:00дө белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, тапанча менен коркутуп, 40 миң доллар акчасын тартып алганын айткан.

Аталган факты 207-берене (каракчылык) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган И.И., 1991-жылы туулган Б.Б. жана 1996-жылы туулган Т.У. кармалды. Алар уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандыгы аныкталды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүлөргө карата эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Мындан тышкары тиешелүү тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин жашаган жеринен 5 500 доллар акча жана 5 даана гильзасы менен Макаров травматикалык тапанча алынып, бардык экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9617