Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары 29 жаштагы Дастан Жапаров болду
2486
Мамкурулушта кадрдык өзгөрүүлөр болду. Акылбек Жапаров жетекчинин жаңы орун басарын дайындады.
Алтынбек Бегалиевдин ордуна директордун орун басары болуп, 29 жаштагы Жапаров Дастан Байрамбекович дайындалды.
Резюме:
Туулган жылы: 7-март, 1993-жыл.
Билими: Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институту (2011-2016).
Эмгек жолу: 2014-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасында кызматтарды аркалаган. 2022-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коррупциянын алдын алуу боюнча комиссары кызматын аркалаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9626