Баян Акматов: "Атты минген Болотто, минген атты уурдады деген өкмөттө он эсе ката бар"
RU

Баян Акматов: "Атты минген Болотто, минген атты уурдады деген өкмөттө он эсе ката бар"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын, ырчы Баян Акматов Kaktus.kg сайтына төкмө акындык өнөрү, айтыштардагы жеңиштин даамы, узап бараткан жылдагы жетишкендиктери жана кесиптеши Болот Назаров тууралуу жеке пикирин айтып берди.

2022-жыл кандай болду?

Ар бир секунд, ар бир мүнөтүм жакшы өттү, ыраазымын. Балалык кездеги "качан чоңоёбуз, качан ушул чоң байкелердей болобуз, качан акын болобуз, качан илебибизден нан бышып, таш чайнап, кум кылабыз?" деген тилектерибиз орундалып турган учурубуз. Ар бир мүнөт, секунд сабак болуп жатат. Мен үчүн тасма көрүү кызык болбой калды. Өзүмдүн жашоомдо болуп жаткан окуялар кинодон артык болуп жатат. Кыздуу болдук. Көп ийгиликтерге жетиштим, тынган жокмун, чакыруулардын үстүндө жүрдүм. Айтыштарда 5-6 байге алдым. Көп нерселерди үйрөндүм. Китепти мурдагыга салыштырмалуу көп окудум, былтыркыга караганда ой жүгүртүүм дагы өстү.

Айтыш өнөрүнө кантип, качан аралашкан?

Ушул суроого өзүм да жооп таба албай келем. Канымда бар нерсени өнүктүрдүм. Ата журтум, тай журтум да комуз чертип, ырларды түшүнүп, айтыштарды талдай билген инсандар. Туруп-туруп эле акын болуп калбайт. Алгач чыкканда эки сөздүн башын кошо албай жүдөдүк. Китептерди окудук, төкмөлөрдү ээрчидик, айтыш дегенде көзүбүз күйүп, кайда болсо да жөө-жалаңдап жетип барчубуз. Төкмө болом деп кагуу жеген учурлар да болду. Ошентип барып акын болдук. Кызыгы, мамлекет "мына, төкмө акынсың" деп колуңа диплом карматпайт. Муну эл баалайт.

Айтыш мектеби эмне себептен жабылган?

Айрым акындар 80, 90, 100ге чейин жашап өткөн. Бирок артында бир да шакирти жок. Биз өзүбүз кыйратып акын боло албай жатып сабак дагы өткөнбүз. Айтыш мектеби ачылып, анда аябай жакшы окуучулар тарбияланып, өстү. 1 жылдан кийин мектеп жабылып калды. Айтыш акындар көп жерге батпай экен, жага да бербейт экен. 1 жыл сабак берсек дагы берекеси миң жылга тете болду. Акындыкты оңой ойлошот. "Соодагер болот элем" деген сыяктуу сөздөрдү айткандар болот. Акындарды талдоодо зерикпейм, мага бир куплет ырын көрсөт дейм. Жазганы менен эле баалап, биле алам. Бирок адамдан үмүт үзбөш керек.

Айтышта көзүнө жаш алган учуру

Эл аралык айтышта казактын акыны Айтбай Жумагулов мен төгүп жатканда ыйлап жиберди. "Бизде деле ыйлаак акындар бар турбайбы" деп моюн бербей жаткам. Экинчи айлампада кантип эгемендик тууралуу атпай кетем деп эгемендүүлүк жөнүндө ырдап жатып, толкунга түшүп кетип баратам. Дароо өзүмдү токтотуп, сөзүмдү башка нукка бурдум. Эркек үчүн көз жашын көрсөткөн уят.

Айтыштагы чоң байгеси тууралуу

Айтышта байгени унутуп каласың. Анда башка баалуулук бар. Эргүү, элдин, өзүңүдүн эсиңде калган эки сап ырың. Айтышта бир жакшы сап жаратсаң ошол сенин баш байгең.

Сын менен мактоону кабыл алуусу

Сын айта турган адамдын акыл-эси болсо сынды кабыл алса болот. Жөн эле чыга калып сын айтса "рахмат" деп коёсуң. Бирок сындан дагы коопту нерсе - мактоо. Баатырларды баракелде өлтүргөн. Баракелде деп жатып далай акын, президентти бузуп алабыз. Эки дос чыкса дагы "сен жакшы, сен жаман" деп жатып бузуп алабыз. Каныбызда бар, бизде жалгыз ийгилик жаратуу деген калыптанган. Топ-тобу менен иш кылып жаткандар бакыттай көрүнөт. Кучакташкан ынак досторду санай келсек башыбыз айланышы мүмкүн. Бирок суктана турган достор аз. Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековдун достугуна суктансак болот. Дагы кимди санай алабыз?

Төкмө акындарга жетишерлик көңүл бурула элек

Асыл тукум жаныбарларга ай сайын акча бөлүп жатпайлыбы. Ал эми мамлекет бир акынга ай сайын 10-20 миң сом берип, кам көрүп жатат десек уятыраак болуп калат. Бирок көңүл бөлүп жатат деп ыраазычылык менен кабыл алалы. Акындарга көңүл бурган күндө да, бурбаган күндө да, колдосо да, кордосо да кыргызда акындын саны азайбайт, тескерисинче өсөт.

Кесиптеши Болот Назаровдун иши боюнча

Сырттагы акын, тууганы катары кеп-кеңештерди бере кетүү туура. Бала кезден бери чогуу өстүк, аябай жакшы өсүп келаткан. Болоттон кеткен кемчилик бар чындап. Көрүп турган нерсени тана албайсың да. Бирок аны элге алып чыгып ашкере кылган өкмөттүн да чоң катасы. Экинчи окуясында, атты минип кеткен Болотто да ката бар, минип кеткен атты уурдады деген өкмөттө 10 эсе ката бар. Эл башкарган адамдын жаңылганы өтө жаман. Койдун жыгылганы көрүнбөйт, төөнүн жыгылганы көрүнөт эмеспи.

Түрмөгө баруу, камакка алуу оор эмес. Бул тарбия

Кудайдын нагыз эрке кулдары Кыргызстанда жашайт. Отуруп алып сүйлөй берет, периштеге айлана берет, бизде каалаганын кылууга мүмкүн. Түрмөгө баруу, камакка алууну оор деп билишибиз мүмкүн. Бул тарбия. Нагыз оор акыбал мекенден куулуп калуу. Заман өткөн сайын эркектердин аң-сезими аялдардыкындай боло баштады. Биз аял мүнөздүү болбошубуз керек. Бизди бала кезде атабыз, мугалимдерибиз тарбиялаганда витамин алган сыяктуу болуп, өзүбүзгө келип, өзүбүздү эркек сезип, кадимкидей балансыбыз, кубатыбыз толуп калчу элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9653