Президент коопсуздук кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүлө баштаганын айтты
RU

Президент коопсуздук кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүлө баштаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-декабрь Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү. Президент Садыр Жапаров коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчы коопсуздук кызматкерлери эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы коркунучтардан коргоо үчүн тыным албай кызмат өтөп келе жатат деп белгиледи.

"Урматтуу Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин майтарылбас курч мүнөзү, Ата мекенге берилген мекенчилдиги калың эл, калайык журтубуздун, айрыкча чек ара аймактарында жашаган жарандарыбыздын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырып, алардын коопсуз жашоосун камсыздайт.

Бул өзгөчө кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн каргашалуу окуяларда башка күч түзүмдөрү менен бирге сиздердин кызматкерлердин каармандыктарынан даана көрүндү.

Демек, Ата мекен менен эл-журттун бейпил турмушу жана бейкапар жашоосу сиздердин тыкыр аракетиңиздерден көз каранды.

Дүйнөдө болуп жаткан коркунучтар, анын ичинде эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын жанданышы, кибер кылмыштуулуктун жана наркотикалык заттарды мыйзамсыз айлантуунун өсүшү коопсуздук органдарын жаңыча иштөөгө жана ар дайым даяр турууга чакырат.

Өлкө жетекчилиги ыкчам өзгөрүп жаткан мезгилдин чакырыктарына каршы туруу үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатып, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну, кызматкерлерди социалдык жактан колдоону колго алды.

Ансыз учурдун талабына жооп бере турган чалгындоо, контрчалгындоо иштерин уюштуруу, ар кандай коркунучтарга каршы күрөшүүдө күтүлгөн натыйжаларга жетише албайт элек. Бул багытта мамлекет тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иштерге жамы журт, жалпы коомчулук күбө.

Өлкө аймагында тынчтыктын, туруктуулуктун болушу экономикабыздын мындан ары өнүгүшүнө, элибиздин турмуш-шартынын жакшырышына өбөлгө түзөт.

Мындан улам экономиканын өсүшүнө кедергисин тийгизип жаткан ар кандай коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иш-аракеттери дагы улантылышы зарыл деп эсептейм.

Мамлекетибиздин бейпилдигин камсыздоого ант берип, аны абийирдүүлүк менен аткарып келген, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга бүт өмүрүн арнаган ардагерлерге дагы ыраазычылыгымды билдире кетейин.

Сиздерге бекем ден-соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм.

Мекенибиздин алдындагы ардактуу кызматыңыздарды албан ийгиликтер, жаңы жетишкендиктер коштосун!", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9662