Контрабандага шектелгендер кайгуул кызматкерине кол салып, эми коркутуп жатышат (Видео)
RU

Контрабандага шектелгендер кайгуул кызматкерине кол салып, эми коркутуп жатышат (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына контрабандачылардын кол салуусунан жабыркагандардын жакын туугандары кайрылышты.

27-ноябрда контрабандага шектелүүчүлөр ЖКККББ кызматкерине жана кокусунан күбө болуп калган жаранга кол салышкан. Кайгуул кызматкери Ысык-Ата районундагы көзөмөл-өткөрүү пунктунун биринде эки унаанын айдоочуларын токтотуп документ сураган. Машинедегилер ага баш ийбей кетип калышкан. Милиция артынан кууп барганда, ага кол салышкан.

"Шектелүүчүлөр коркутуп эле тим болбостон, кызматкерди жана күбөнү ур-токмокко алып, биринин телефонун сындырышкан. Кайгуул кызматкери табелдик куралдан асманга атууга аргасыз болгон. Машинеде коробкалар бар болчу, бирок ичинде эмне бар экенин белгисиз", - деп жабырлануучулардын туугандары айтып беришти.

Андан кийин кайгуул кызматынын дагы бир унаасы келип, мыйзам бузуучулар бир нече күндөн кийин кармалышкан.

Биринчи отурумда судья менен прокурор жабырлануучуларга тосмо арыз жазуу керектигин кыйытып айтышкан. Экинчи жыйын качан боло турганын так айтпай туруп, жабырлануучулардын жоктугунан пайдаланып, кылмыш ишин "Курал жарак колдонуп бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү жана кол салуу" 266-беренсин андан жеңилирээк "Бийлик өкүлүн коркутуу жана кол салуу" 355-береге өзгөртүшкөн", - деп жабырлануучунун жакындары Kaktus.media'га айтып беришти.

Бишкек кичинекей эле шаар, көпчүлүгү бири-бирин тааныйт. Шектелүүчүлөр жабырлануучулар менен байланышып, мындай эле сүйлөшүп алууну сунушташкан, бирок алар баш тарткандан кийин аларды коркутуп башташты. "Кайда жашаганыңарды, үй-бүлөлөрүңөр бар экенин билебиз", деп айтышты.

Жабырлануучулардын жакныдары бир нерсени гана каалашат - адилеттүүлүк орноп, мыйзам бузуучулардын жоопко тартылышын.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/967