Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип атасы кармалды
RU

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип атасы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районунда 42 жаштагы киши 13 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Маалыматты облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Такталгандай, 24-декабрда Сокулук РИИБге 1987-жылы туулган Б.Е. арыз менен кайрылган. Ал 42 жаштагы У.Э. аттуу күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 23-декабрда саат 07:00дө жолдошу 13 жаштагы кызына күч колдонуп, жыныстык катнашка барган.

Бул факты каттоого алынып, "зордуктоо" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сокулук райондук соту тарабынан камакка алуу түрүнд бөгөт чарасы тандалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9715