"Күткөн эмесмин". Жогорку Кеңештин эки депутаты Улуттук банктын төш белгиси менен сыйланды
RU

"Күткөн эмесмин". Жогорку Кеңештин эки депутаты Улуттук банктын төш белгиси менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин эки депутаты "Банк системасынын отличниги" төш белгиси менен сыйланды. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев бүгүн, 26-декабрда бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында эл өкүлдөрүн сыйлады.

Улуттук банктын төрагасы Айсара Абдибаевага жана Султанбай Айжигитовго төш белги такты.

"Чынын айтсам, күткөн эмесмин. Негизи мен сиздерди сындап келем, а сиздер мага сыйлык тапшырдыңыздар. Улуттук банк өлкөнүн негизги мекемелеринин бири. Сиздерди улуттар аралык орган деп айтсам да болот, экономиканы өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн керектүү чараларды көрөсүздөр деп ишенем", - деди Айжигитов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9720