Айдоочу чет элдик жаранды сүзүп, ооруканага эмес УКМКга алып барууга аракет кылган
RU

Айдоочу чет элдик жаранды сүзүп, ооруканага эмес УКМКга алып барууга аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң муунтуга аракет жасаганын күбөлөр билдиришти. Айтымдарында, Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде май куюучу жайдын жанынан чет элдик жаранды BMW-X5 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.

"Айдоочу жөө жүргүнчүдөн кечирим суроонун ордуна жабырлануучуга кол көтөрүп, муунтуп баштаган. Ал өзүн атайын кызматтын кызматкери деп тааныштырып, жабырлануучуну УКМКнын имаратына алып барууга аракет кылды", - дешти күбөлөр.

Патрулдук милициядан бул окуя такталып жатканын билдиришти.

Ал эми жабырлануучу Евгений Романов Россиянын жараны. Ал Kaktus.mediaга тротуар менен бара жатканда жол тандабас артынан сүзгөнүн айтып берди.

"Айдоочу унаадан түшүп башыма тепти. Адамдар чуркап келип, арачага түшүштү. Көп өтпөй мас айдоочунун аялы келип коопсуздук комитетинде иштей турганын айтып, мени жардам көрсөтүүчү жайга алып баралы дешти. Бирок жолдон жанагы киши мени муунтуп, УКМКга алып барууга аркет кылды. Имараттын дарбазасына жеткенде унаадан чыгууга мүмкүн болду. Мен каршылык көрсөтүп, ооруканага качтым. Саат 03:00дө Октябрь РИИБдин кызматкерлери келишип, менин арызымды алышты. Бутум сынды, моюнумда муунткандан кийинки издер калды", - деди ал.

Кийинчерээк УКМКдан тартип бузган айдоочу аталган мекемеде иштебей турганын кабарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9757