Таластагы театр музыкалык аппаратуранын баасын 10 млн сомдон жогору көрсөткөнү аныкталды
RU

Таластагы театр музыкалык аппаратуранын баасын 10 млн сомдон жогору көрсөткөнү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына атайын аппаратураларды алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Талас облустук музыкалык драма театрына сатылып алынган музыкалык аппаратуралар иш жүзүндөгү баасын жогору баада бааланган фактылар аныкталды.

Такталгандай, театр жеке компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык аппаратураларды сатып алган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүү учурунда, сатылып алынган музыкалык шаймандардын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды.

Учурда УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө, деп ведомство маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/975