Кантип жаңы жылдык дасторкондон "аман" чыкса болот? Адис кеңеш берет
RU

Кантип жаңы жылдык дасторкондон "аман" чыкса болот? Адис кеңеш берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саналуу күндөн кийин жыл жаңырат. Адатта үй кожойкелери дасторконду түрдүү даамдар менен толтуруп, ашканадагы болгон сырыбызды ачабыз. А бирок дасторконго жайылган бардык тамак-аштан даам сызуу ашыкча жеп алууга, айрым учурда ууланууга алып келиши ыктымал.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Марина Дүйшөнкулова ашыкча жеп алуудан жана уулануудан кантип сактануу керектигин айтып берди.

Адистин негизги кеңештери:

  • Ашыкча жеп алуу ашказандын, ичегилердин иштөөсүнө гана эмес, башка органдарга – боорго, бөйрөккө, жүрөккө да күч келтирет.
  • Суунун балансын сактаңыз. Бул организмди калыбына келтирүүгө жардам берет. Дененин 1 кг салмагына 30 мл (күнүнө) суу ичүү сунушталат.
  • Кечки тамакты саат 18:00дөн 20:00гө чейин ичкен жакшы. Ал эми жаңы жылда түнкү саат 00:00дө организмге күч келтирбей тургандай кылып шам-шум этсеңиз болот.
  • Майонез кошулган салаттар тез бузулуучу тамак-ашка кирет. Уулануунун алдын алуу үчүн салаттарды дасторконго коёрдун алдында гана майонез менен аралаштырыңыз. Мүмкүн болсо майонез кошулган салаттардан баш тарткан оң.
  • Бардык ингредиенттерди бышырып алгандан кийин ар бирин өз-өзүнчө муздаткычта сактаган жакшы. Даяр болгон салаттарды муздаткычка сактасаңыз да, эртең менен коопсуз болот дегенге кепилдик жок.
  • Коён жылында дасторконуңузда көк чөптөр көп болсун.
  • Куурулган тамак-аштан баш тартыңыз. Себеби кууруганда өсүмдүк майы зыяндуу холестеринге айланат жана ал кан тамырларда топтолуп, ооруларга алып келет.
  • Тамак-аш тез сиңсин десеңиз меште же бууга бышырган оң. Мындай даярдоо ыкмасы азыктардагы витаминдердин, микроэлементтердин сакталашына шарт түзөт.
  • Эгер тамак-ашка уулануунун белгилери байкалса дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9762