Бакыт Төрөбаев кампаларга барып, азык-түлүктөрдүн корун көрүп чыкты
RU

Бакыт Төрөбаев кампаларга барып, азык-түлүктөрдүн корун көрүп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында сакталып турган азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүн жана сактоо шарттары менен жеринде таанышып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашат.

"Эң көп пайдаланылган тамак-аш азыктарына кирген буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин корун мамлекеттик кампаларда ашыгы менен сактап туруу азык-түлүк коопсуздугунун алдын алат", – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан өсүмдүк майын өндүрүү боюнча иш алып барган "Ли Бин" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев мамлекеттик деп эсептелген "РСК Банк" жана "Айыл Банк" банктарынын жетекчилерине азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого катышкан ишканалардын арыздарын биринчи кезекте кароону тапшырды.

Ал эми Экономика министрлигинен министрлер кабинети ун жана буудайдын импортуна кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын узартканын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9766