"Элдик ГАИ" Жөнөкөй жаран Бишкектин борбордук көчөсүндөгү тыгынды бир заматта жөнгө салды
RU

"Элдик ГАИ" Жөнөкөй жаран Бишкектин борбордук көчөсүндөгү тыгынды бир заматта жөнгө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Панифлов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде светофор өчүп калып, чоң тыгын жаралган. Кайгуул кызматкерлери көрүнбөйт. Бирок, жөнөкөй жаран жол кыймылын жөнгө салып жаткан видеону айдоочулардын бири Kaktus.media'га жөнөткөн.

Алардын айтымында, бүгүн, 17-мартта, Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калган. Бат эле тыгын жаралып, жол кыймылы токтоп калды. Бир учурда жөнөкөй жаран чыгып, кайгуул кызматынын жардамы жок эле бардыгын жөнгө салды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы да билдирүу жасап, аталган дарекке 15 мүнөттөн кийин кайгуул кызматы баргандыгын маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/978