Кадамжайда бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болушту. Эң кенжеси 2 жашта болгон
RU

Кадамжайда бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болушту. Эң кенжеси 2 жашта болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда бир үй-бүлө мүчөлөрү иске ууланып каза болушту. Маалыматты Баткен ОИИБдин маалымат кызматынан ырасташты.

Окуя 30-декабрга караган түнү Алга айылында катталган. Аталган айылдын 36 жаштагы Н.Р. аттуу тургуну аялы, балдары жана кайнагасынын баласы менен уктап жатканда эки даана электр жылыткычынынан улам электр зымдары ээрип күйүп, үйдүн ичиндеги эмерек жана жерге төшөлгөн паластар күйгөн. Өрттүн кесепетинен үйдүн ичи түтүнгө толуп, уктап жаткандар түтүнгө ууланып каза болушкандыгы аныкталган.

Каза болгондор:

  • 1986-жылы туулган Н.Р. (үй ээси);
  • 1986-жылы туулган К.Ж. (аялы);
  • 2014-жылы туулган Ж.А. (кызы);
  • 2016-жылы туулган Н.И. (уулу);
  • 2020-жылы туулган Н.А. (уулу);
  • 2012-жылы туулган Ж.Т. (кайнагасынын баласы).

Учурда бул окуя боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9805