Бишкекте 14 жаштагы окуучу таңга маал үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда
RU

Бишкекте 14 жаштагы окуучу таңга маал үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков дайынсыз болуп изделет. Өспүрүмдү табууга жакындары жардам сурап кайрылганын Ленин РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, окуучунун апасы 8-январда милицияга кайрылган. Ал 7-январда таңкы саат 05:00 чамасында Акылбек үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки иштер башталды.

Өспүрүмдүн белгилери: бою 165-170 см, арык, көздөрү кара, чачтары кара. Бетинин сол жагында тырык бар.

Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү күрмө жана шапка, кара шым, велосипед тээп жүрөт.

Сүрөттөгү окуучуну көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0550 22 33 33, 0704 44 77 70, 0703 40 16 00 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9841