Жол кырсыгынан каза тапкан 24 жаштагы кыз милиция кызматына талапкер болгон
RU

Жол кырсыгынан каза тапкан 24 жаштагы кыз милиция кызматына талапкер болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 9-январда 24 жаштагы кызды бир унаа коюп, экинчи унаа тебелеп кеткен. Маркум ИИМдин академиясынын курсанты экенин күч түзүмдөрүнөн билдиришкен.

Каргашалуу окуядан кийин ИИМдин академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы Айза Уландын каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Маркум ИИМдин академиясынын курсанты болгон эмес. Ички иштер министрлигинин академиясынын квалификациясын жогорулатуу борборунда үч айлык атайын баштапкы даярдоо курстарынан өткөн. Ал милиция кызматына талапкер болгон", - дешет мекемден.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9861